Аламүдүн районунун прокуратурасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жайгашкан “Кут-Билим” лицейинде балдардын массалык уулануусу боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-декабрь күнү саат 23:00дө “Кут-Билим” лицейинин 11 жаштан 16 жашка чейинки 21 окуучусу, лицей кызматкеринин сегиз жаштагы баласы жана ичеги-карынга уулануу белгилери менен 20 жаштагы тарбиячы шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, оорукананын бөлүмдөрүнө которулган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Лицейдин жетекчилиги Билим берүү министрлигинин 2020-жылдын 2-октябрындагы буйругун бузуп, өзүм билемдик менен Лицейдеги окуу процессин 2020-жылдын 23-октябрынан баштап реалдуу режимде уланткан.
Учурда 7-11-класстын окуучулары “Кут-Билим” лицейинде окуп, жашап жатышат.
Азыркы учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кылмышкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө чечим кабыл алынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ