Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында тергөөчүлөр жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Финполициянын төрагасы Сыймык Жапыкеев мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Финполицинын бир тергөөчүсүнө 60-70 кылмыш иши туура келет.
“Тергөө иштери Башкы прокуратурадан жана бажы органдарынан алынып салынган. Ал эми экономикалык жана коррупциялык иштер бизге өткөрүлүп берилген, бирок кызматкерлердин саны көбөйтүлгөн эмес”, – деди ал.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова Жапыкеевдин айтканын колдоп, тергөөнү прокуратурага кайтарууну сунуш кылды.
“Тергөөнү прокуратурага кайтаруу керектигин убакыт көрсөттү”, – деди Бакирова
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ