Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин Административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын БШКга каршы доо-арызын кароону аяктап, партиянын дооматын колдоду жана БШКнын 3-сентябрдагы чечимин жокко чыгарды. Эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 4-октябрда өтө турган КР Жогорку Кеңешине шайлоого 16-партия болуп катышат.
Соттук процесстен кийин партиянын лидери Адахан Мадумаров сыртта күтүп турушкан партиянын тарапкерлеринин алдына чыгып, колдоо көрсөткөндөрүнө ыраазычылык билдирип, эртеңден баштап шайлоо процессине толук кандуу аралашыша тургандыгын жарыялады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ