Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум улантылды.
Жарыш сөздүн жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо айыпталуучулардын бири экс-генпрокурор Индира Жолдубаеаны КРнын Жазык Кодексинин 319-б. 2-.(Коррупция уюштуруу) боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратууну суранды.
Аталган иш боюнча 19 адам айыпталуучу деп табылган. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-генпрокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева жана башкалар бар.
Эсиңиздерге сала кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, тагырагы, Батукаевдин ишине байланыштуу ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ