Menu

Фото — Жалал-Абаддагы Барпы театрында Ата Мекенди коргоочулар Күнү белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-февралда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында Ата Мекенди коргоочулардын Күнү  майрамы салтанаттуу  маанайда белгиленди. Майрамдык салтанатка Ата Мекенди коргоо кызматын өтөп жатышкан жоокерлер, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин кадырман ардагерлери, Ооганстан согушунун ардагерлери, Жалал-Абад шаарындагы №704 Улуттук Гвардиянын офицерлери менен жоокерлери, областтык жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, шаардын коомчулугу жана ЖОЖдордун сутденттери катышты.

Майрамдык салтанаттуу иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусун алып кирүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталды.

23-февраль—Ата Мекенди коргоочулар Күнүнө арналган майрамдык салтанаттуу жыйындын катышуучуларын өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов куттуктады.

—    Жыл сайын 23-февраль – Эгемендүү Кыргыз мамлекетинде жана көз каранды эмес шериктеш өлкөлөрдө Мекенди коргоочулар Күнү катары өзгөчө салтанаттуу белгиленип келет. Бул майрам Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Советтер Союзунун Баатырлары, улуту кыргыз Чолпонбай Түлөбердиев менен улуту орус Александр Матросовдун немецтик фашисттик баскынчылардын ажал окторун чыгарып жаткан дзотторун өз денелери менен жаап тосушуп, өмүрлөрүн кыйуу менен көрсөткөн өзгөчө эрдиктеринен улам белгиленип калган. Кыргыз элинде «Чептен эрдин күчү бек», “Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде” деген сөз тегин жеринен айтылбаган. Улуу “Манас” эпосунда кыргыз элин жана кыргыз жерин сырткы душмандардан көздүн карегиндей сактоо маселеси ар дайым орчундуу орунда тургандыгы баарыбызга жакшы белгилүү. Кыргыз армиясынын офицерлери менен катардагы  жоокерлери үчүн Ата-Мекенди сырткы душмандардан коргоодон өткөн улуу жана ыйык милдет жок. Эгемендүү Кыргыз армиясынын күжүрмөн офицерлери жана катардагы кыраакы жоокерлери ата-бабаларыбыздын антына бек туруу менен сүйүктүү мекенибизди көздүн карегиндей ыйык сактап келе жаткандыктары үчүн  биз ар дайым терең сыймыктанабыз.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекетибиздин Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы  Атамбаев Алмазбек Шаршенович өлкөбүздүн аскердик күч-кубаттуулугун арттырууга, бекемдөөгө жана мекенди коргоочуларга ар тараптуу ыңгайлуу шарттарды жаратууга терең көңүл бурууда. Акыркы жылдары Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөп жатышкан офицерлер менен жоокерлерге ар тараптуу жакшы шарттар жаратылып, аскердик техникалык каражаттарды жаңылоо жана жоокерлерди бүгүнкү талапка жооп берген заманбап аскердик кийим-кечектер менен камсыздандырууда бир топ демилгелүү жакшы саамалыктар ишке ашырылды.

Бүгүнкү күндө биздин катарыбызда Улуу Ата Мекендик согуштун 72 кадырман ардагерлери,  ооруктун 98 кадырман ардагерлери жана 1091 Ооган  согушунунун ардагерлери бар. Өсүп келе жаткан жаш муундарды Мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоодогу алардын басып өткөн эрдикке бай данктуу өмүр жолдору, акыл-насааттары жана кеп-кеңештери алтынга тете десек жаңылбайбыз. Жаштарыбыз үчүн Силердин басып өткөн даңктуу жолуңар тарых барагында алтын тамгалар менен жазылып, ар дайым өрнөк болуп кала берет, кадырман ардагерлер.  Биз Сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз.

Өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөп жатышкан офицерлер менен контрактык негизде кызмат өтөп жатышкан жоокерлердин үй-бүлөлөрү үчүн акыркы мезгилдерде турак-жайлар көп курулуп, тапшырылууда. Согуштук жана аскердик тактиканы эң мыкты билген улуу орус полковедеци Александар Суворовдун: «Өз армиясын бага албаган эл, башка элдин армиясын багат» деген таамай-таасын сөзүн эч качан жадыбыздын чыгарбоого тийишпиз.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана анын Генералдык штабы улуттук армиябыздын күч-кубаттулугун камсыз кылуунун натыйжалуу иш аркеттерин камсыздоо менен ырааттуу багыттагы реформаларды турмушка ашырууда. Жалал-Абад областында чек ара башкармалыгынын түзүлүшү, жаңы аскердик заставалардын ачылышы Мекенди сырткы душмандардан коргоодо ар дайым даяр болуунун маанилүү иш-аракеттери экендигин айгинелеп, ырастап турат.

Биз бүгүн жыл сайын катарлары азайып бараткан Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерин Мекенди коргоочулар Күнү менен чын дилден куттуктап, алардын Мекенди коргоодогу улуу эрдиктерине башыбызды ийип, ар дайым таазим этебиз. Ооганстанда интернационалисттик жоокердик милдетин өтөгөн  ардагерлерди  дагы Мекенди коргоо Күнү майрамы менен чын дилимден куттуктаймын жана аларга, алардын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук каалаймын. 23-февраль – Мекенди коргоочулар Күнү майрамы баарыбызга куттуу болсун!,- деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Ата Мекенди коргоо Күнүнө карата аскер кызматкерлеринин күжүрмөн кызматтагы көрсөткөн артыкчылыктарын, аскердик үлгүлүү жүрүш-турушу, аскердик бекем тартиби жана кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак Грамотасы менен №52870 аскер бөлүгүнүн командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары, подполковник Акималы Жороев, ушул эле аскер бөлүгүнүн материалдык камсыздоо взводунун ашкана башчысы, прапорщик Эрлан Орозалиев, Сузак райондук аскер комиссариатынын аскер комиссары, майор Кудайберди уулу Дуулат жана Аксы райондук аскер комиссариатынын аскер комиссары, полковник Ниязалы Төрөгелдиев сыйланды. Мындан сырткары бир катар Ата Мекенди коргоо кызматында иштеп жатышкан аскер кызматкерлери  ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Алкышы” менен сыйланууга татыктуу болушту.

Ата Мекенди коргоо Күнүнө арналган майрамдык иш чарада анын катышуучуларын Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев куттуктап, ондогон Мекенди коргоодо кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлерин, Ооганстан согшунун ардагерлерин жана аскер бөлүктөрүнө Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак Грамоталарын, “Алкыштарын” жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Майрамдык салтанаттуу жыйында Ата Мекенди коргоочуларды областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Садыралы Качкынбаев, №704 Улуттук Гвардиянын саркери, подполковник Сардар Бакыев жана ушул эле Улуттук Гвардиянын катардагы жоокери куралдаштарын кесиптик майрамы менен куттукташты. Ата Мекенди коргоочулар Күнүнө арналган майрамдык салтанаттуу иш чара өнөрпоздордун кеңири программадагы концерти менен коштолду.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: