Кыргызстандагы эң ири алтын кени аталган «Кумтөрдөн» Кыргызстан жарытылуу пайда көрбөй келе жатканы айтылып, жазылып эле келет. Тилекке каршы, жогорку бийлик эгелери тиешелүү чара көрүп, өлкө кызыкчылыгын коргой албай коюшту. Же жең ичинен соодалашып, баарына көз жуумп жатышат. Мына «Кумтөргө» сатылып алынчу техникалык жабдуулардан тартып, азык-түлүккө чейин мамлекет кирешеден алынчу салыктан бошотуп салып, натыйжада казынага 324 миллиард сом түшпөй калганы айтылууда. Башкача айтканда зыян тарткан. Бул деген сөз 5 миллиард долларга жакын акча. Тышкы карызыбыздын суммасынан ашат. Мындай итчилик бир бизде гана болсо керек. Колдо турган алтынды, байлыкты оңдуу уруна албай, бюджетте акча жок деп тилемчи болуп, карызга батып кайырчы болуп жүрөбүз.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ