Сооронбай Жээнбеков парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүп, андан кийин гана отставкага кетиши керек болчу. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде билдирди. Маектешүү Ютуб каналдардын бирине жарыяланган.
Журналист Отунбаевадан Жээнбековдун негизги катасын атоону суранды.
«Ал ант берди, эл үчүн жоопкерчиликти алды, өлкөнү жээкке алып чыгышы керек эле: парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүп, андан кийин кетиш керек болчу. 15-октябрда жолугушууда аны менен сүйлөштүк, ага чейин мен дагы бир-эки жолу жолугуп, сүйлөштүм. Бирок ал кызматын тапшырып, кетип калды», – деди Отунбаева.
Экс-президент ошондой эле референдум өткөрүү демилгеси боюнча комментарий берди.
Ал азыркы парламенттин референдум дайындаганга укугу жок деп эсептейт.
“Парламенттин референдум өткөрүүгө укугу жок экендигин бардыгы түшүнүп турат. Мамлекетте башы, аягы жок башаламандык болуп жатат”, – деп кошумчалады Отунбаева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ