Көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров 60 жашка толду. Бул инсандын коомдогу ордун кандай баалайсыз?
– Коомдогу ордун тарых менен эл берет. Менимче анын коомдогу орду бар, жаман эмес, жакшы деген баа берет элем. Студент кезинде эле баарыбыздан айырмаланып турганы дайыма билинип турчу. Биз совет өкмөтү күчүндө турган кезде чогуу окуганбыз. Ал убакта партия деген уюмдун идеологиясы күчтүү кезде студент болдук. Ошол убакта эле өзүнүн ойлогон оюн партиялык кеңешмелерде ачык айтып чыгып, талашып-тартышып жүрчү. Айрым учурларда ошол айткан оюнун азабын тартып калганын билчүбүз. Студент кезинен бери эле айтканын бербеген көк бет, бекем позициясы бар болчу. Азыр деле ошол мүнөзү бар. Революциянын бульдозери деген атка конгон адам жаман эмес киши деп ойлойм.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ