Кызыл зонада коронавирус илдети менен ооруган бейтаптар менен иштеген дарыгерлер эмгек акыны талап кылуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине келишкен. Департаменттин имаратына 30дай адам чогулду.
Митингге чыккандардын бири буга чейин дарыгерлер эки айдан бери таза иштеп тапкан акчаларын ала албай, тынч митинг өткөрүшөт деп айткан.
“Биз кызыл зонага 6-ноябрда кирип, 23-ноябрда чыктык. Улуттук госпиталдын урологиясында иштедик. Бирок дагы деле эмгек акы ала элекпиз. Алар ар дайым создуктуруп жатышат”, – деген митингге чыккандардын бири.
Митингге чыккандардын айтымында, Фтизиатриялык борбордун октябрь айында иштеген кызматкерлери дагы акча алышкан жок. Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Улугбек Какеев маселе чечилгенин айтты. Митингдин катышуучулары ал муну бардыгы тарап кетиши үчүн айтып жатабы деп такташууда. Какеев көйгөй жаңы гана чечилди деп ишендирди. Кийинчерээк ал акча келип түшкөнүн, бирок эсептерге түшө электигин түшүндүргөн.
Андан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигине келген дарыгерлер бөлүмдүн имаратынын ичинде эсепке акча түшкөнгө чейин күтүү чечимине келишти. “Эгерде акча түшпөсө, алар каржы полициясына арыз жазганы кетишет”, – деп баса белгилешти алар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ