РЕН ТВ телеканалы Тажикстандын төрт жараны Москвадагы Домодедово аэропортунан Душанбеге экстрадицияланып жатканы тартылган кадрларды көрсөттү.
Маалыматка караганда, алардын баары Тажикстандын аймагында жасалган оор кылмыштарга айыпталып, издөөдө жүрүшкөн.
Кылмышкерлердин бири 2009-жылы Душанбеде кытай жаранына кол салып, анын 26 миң долларын тартып алган. Көп өтпөй ал шериги менен 4 миң доллар өлчөмүндөгү карызын берүүдөн баш тартып, аны доолаган адамды өлтүрүшкөн.
Экинчи кылмышкер маңзат сатууга айыпталса, үчүнчүсү 2015-жылы батирлерди жана жер үйлөрдү тоноо менен алектенген.
Төртүнчү кылмышкер кассада иштеп, базар баасы менен сатылган 171 авиабилетти жеңилдетилген баада сатылды деп, калган акчаны өзүнө алып алган.
Тажикстандын бийлиги азырынча бул видесюжет тууралуу комментарий бере элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ