Кечээ, 19-апрелде болжол менен саат 15:30да Талас облусунун Көк-Токой айылында үч унаа катышкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Такталгандай, жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган үч айдоочу Талас райондук ооруканасына жеткирилген.
“Алардын бири дагы эле медициналык мекемеде, эки жабырлануучу үйүнө чыгарылган” – деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат. Унаалар унаа токтотуучу жайга коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ