Menu

Олжобай Шакир: “Баатыр жокто майданга маскарапоз чыгат”

Бөлүшүү:

«Философтор да, дин өкүлдөрү да көп учурда бири-бирине карышып каршы чыгат, бирок ушунча болуп философтор бир дагы дин өкүлүн өлүмгө кириптер кылган жок, а дин өкүлдөрү канчалаган философтордун канына забын болду».

Дени ДИДРО

Кайран немис акыны Генрих Гейне шунтип айтан эмеспи. Кыргызга так ушул чындык келди. Бүгүнкү турмушту караң: заң-закүндүн арибин тааныбаган күрткөдөн чыккан күркүлдөр бийликтин үч бутагына конуп отурушат. Кудум карга-кузгундарга окшоп. Тарп аңдыган… Саясый кызыл кулактын баары өлкөнүн келечек багытын теңирден тетири жолго салып алганы аз келгенсип, эми диний коомчулуктун көсөмүнө айланган молдокелердин оозун караң! Итий кейиптенген интеллигенцияң отурат: өз чындыгын айталбай тилин тишине катып! А молдокелердин оозун караган караламан калктын башы маң бүгүн. Түркөй массаны мурундан жетелеп алчудай болуп туру селдечендер!

Улут уңгусун уютар бийик ой, бийик идея айтчу чыныгы интеллектуалдар болсо өлүп тынды. Чындыкты жеберине жеткире айтса Салижан Жигитов айтар эле, өлүп алды. Улут уңгусун кеп кылса түбүн түшүрө түшүнчү Сакебиздин шакирти Алым Токтомушев да жарык дүйнөдө калгысы келбеди окшойт: устатынын артынан жөнөдү… Түркөй коом түптөлүп келатканына жүрөгү канап жүрүп өттү ал даа. Керээттүү кебин айтар кеменгер Талип Ибраимов да бул экөөнө окшоп одүйнө узаганычы! Э эсил кайран көсөмдөр! Ою тунук бул үчөөндөй абийирдүү азчылык жок үчүн бүгүн караламан массанын аң-сезимин чаңдаткандардын заманы келип туру!

Түмөн элге түркүк болор түрү жок аксакал интеллигенция өкүлдөрү болсо бийлик колунан сыйлык-наамга карк болгон үчүн тымпыйып отурушат үйлөрүндө. Калкка калкагар болор калдайган аксакалдар жер карама болуп калды кыргызда! Калптын казаны кайнаган коомго каш кагып чындыкты оозанайын дечүлөр жок үчүн бүгүн Чубак ажы, Өзбек ажы, Абдышүкүр ажыга окшогондордун сөзү караламан көпчүлүккө өтүмдүү да, жетимдүү болгондуктан итий чалыш интеллигенциябыз диний фанаттардын төөбастысына калуудан чочулап отурганын жашырып болбойт. Чын-чынында ушул таптагы диний фанатизм атеизмден өткөн коркунучка айланганын көбү туя электей…

Себеби «дин пенде баласынын үшүн алып, сокур кылууда, себеби көп нерсени көрүүгө тыйуу салып, коркутканы – тозок» деген улуу философ Дени Дидронун (1713-1787) айтканы бизге келген жокпу? Келди! Келгенде да 21-кылымда уюшулгандык менен. Диний жамааттардын дамамат какшанганы одүйнөнүн тозогуна кабылбаш үчүн беш маал намазга сөзсүз жыгылуу керек деген тариздеги «дарстарын» кайталай берип, азыр сокур ишенимдин жетеги менен мечитке каттагандар толуп кетти. А буга каршы каяша айтчу бирөө-жарым чыкчу болсо, андайлардын жаназасын окубай коюуга чакырык таштаган Чубак ажынын жүзүн көрдүк өткөн жылы. Жалпы мусулман коомчулугун сабырдуулукка чакырар өлкөдөгү эң таасирдүү делген диний аалымдын айтканы ушул болсо, башкаларынан эмнени күтүүгө болот?!

Ушул жерден Чубак ажынын жосунуна кыстыра кетер дагы бир өзүм күбө болгон Абдышүкүр Нарматов деген ажыңардын окуясына токтоло кетпесем болбос.

Мындан эки жыл мурда президент А.Атамбаев баш болгон делегация мени да Араб өлкөлөрүн кыдырып келүүгө «ашка жүк, башка жүк» кылып ала барышкан эле. Сауд Арабиянын элчилиги Кыргызстандан барган меймандарга Кааба ташка зыярат кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип калды. Болгондо да бекер. Бекер дегенди укканда кыргыз кылчактайбы артына. Баары чуру-чуу, күрү-гүү түшүп дарбып калышты. Мен деле барат элем, бирок ошол жерден шарт эле кежирлигим кармады. «Өй, токто! – дедим өзүмдү өзүм. – Кааба ташка сыйынууну атайы ниет кылып келдиң беле бу жерге? Же араптар Кааба ташты бекер көрүп, бекер сыйынып кетүүнү уюштуруп бергенине эле оолугуп отурсуңбу?» деген ой ордуман тап жылдырбады…

Бала күнүмдөн чоң атам Эгемберди, анын атасы Ажыбай, таятам Курман чоң молдолор болгонун угуп өскөн элем. Алар Ат-Башыдан Меккеге эшек менен жетип зыярат кылышса, а мен самолёт менен зуулдап келсем, ал аз келгенсип Кааба ташка сыйынуу ит бекер экенине эмнеге кудуңдашым керек эле?.. Атайы ниет кылып эңсеп жүрүп барсам, жарашмактыр: чекемден шор тер агызып. Мен анда зыяратчы эмей эле турист катары баргандан жандүйнөм өзгөрмөкпү?… Шондуктан Кааба ташка жакындоону оюнчук кылбайын дедим да, барган топко кошулбадым. Эми кептин тузу башкада, азис, окурманым.

Зыяратка барып келгендер самолётко жайгашаары менен Абдышүкүр Нарматов бак-бак сүйлөп калбаспы: «Урматтуу ушул жерде отурган момун мусулмандар! Мына бүгүн так ушул жерде отурган баарыңардын 25-30 жылдык күнөөңөрдү Алла-Таалабыз кечти. Себеби ыйык Меккебизге сыйынып кайттык» дебеспи! «О кокуй, Алла-Тааланын айкөлдүгү ушундайбы?!» дедим ичимден. Жарылып кетейин дедим. Бирок шар ооз болуп көнгөн жаным туйлагандан, мен да жарылдым: «Йе, ажыке, Алла-Тааланын авансыбы бул? Демек, кылгылыктын баарын кылып коюп, кайра Кааба ташка келип-кетип сыйына берсек болот экен да!»

Абдышүкүр ажы мени укмаксан болуп бурулуп кетти. Самолёттон түшүп аткан учурда президенттин артынан шыпылдай баскан делегаттардын артынан жетип да А.Нарматовго тамаша-чыны аралаштырып: «Ажыке, жанагы айтканыңызды кыргыздарга бекер угуздуңуз да… Болгондо да чоңдор отурган жерде. Демек, Кудай-Таала күнөөбүздү кечет экен деп, биздеги коррупционерлердин баары ичип-жеп эле келип кете берсе болобу?» дей салдым. Молдоке жым болду. Бир гана акыйкатты оозанган киши эмеспи, Орозбек Молдалиев (Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын ошол кездеги төрагасы) менин таламымды коргоп: «Ооба, ажы акеники бул айтканы туура эмес болуп калды», – деди ошол жерден. А башкаларына майдай жакты көрүнөт молдокенин айтканы…

Бул чындыкты ошондогу жанымда чогу жүргөн Жанар Акаев калп айттырбас…

Минтип бүгүн билимсинген молдокелердин адеп-аклагын сөз кылып отурганымдын даа бир себеби: соңку жылдарда кыргыздын каада-салтына каршы ишмердиктери күчөгөнү аз келгенсип, Жаңы жыл менен Нооруз майрамына тыйуу салып ашынган молдокелердин көздөгөн мураттары эмне?! Арапташтыруубу?! Булар баарына тыйуу салса болот экен да, көп катын алууга келгенде тыйуу салганга болбойт экен. Эй, жолуң болгур, молдокелер! Кыргыздар ансыз да эки-үчтөн катын алып ажырашканы көбөйүп кетти го! Жашыруун да, ачык да никеде жүргөнү канча! Катындын бирин алып, бирин кетирген үйбүлөлөр толтура азыр. Жадесе алыста жүргөн эркектер СМС менен катынына талак бергенди кайдан үйрөндү?! Энеден туулуп, энени кордогон кимдер бүгүн?! Болуптур, 3-4төн катын алууга уруксат болсун, бирок ошол эри таштап кеткен же кара кийип отуруп калган жесирлерди токолдукка алсаңар болбойбу?! Жок, силер солкулдап турган жаш кыздарга гана напсиңерди агытып, Турсунбай Бакирге окшогон молдокелер небересиндей көчөт кыздарга гана көзү кызарып турганы адеп, ыйманга жатабы?! Ышкындай солкулдап турган кыздардын тагдырын бүлүнтпөй, теңшерик, жаншерик издеп жүргөн жашамал курактагы кыз-келиндердин багын ачсаңар кана, аттиң!

Кыргызда мурда «аталуу жетим», «энелүү жетим» же «тоголок жетим» деген гана түшүнүк жашап келсе, бүгүнкү күндө кыргыздын кулагына жат «социалдык жетимдер» деген жаңы түшүнүк пайда болду. «Социалдык жетимдер» – булар кимдер?! Так ошол Эненин, Аялзаттын кадырына жетпеген жоопкерчиликсиз эркектер таштап кеткен бөбөктөрүбүз! Үй бүлө баалуулугу ычкырына түшүп кеткен эркектер ансыз да сансыз болуп кеткен үчүн социалдык жетимдер көбөйүүдө.

Кечээги эки аял алуу боюнча талкууда Чубак ажы менен Өзбек ажынын пикирине каршы өзүмдүн Фейсбук баракчамда «молдокелердин ою чочоктон өйдө көтөрүлбөйт экен» дегенимдин мааниси ошол. Бул сөз кулакка канчалык өөн учурабасын, бирок бул кыргыздын илгертен айтылып келген төл сөзү эмес бекен? Ошол төл сөзүн оозанып, уул баланын чочогун кескен үчүн ата-бабабыз салттуу мусулман динин тутунуп келет ко… Коомчулукта мындан да ачуу сөздөр айтылар алдыда. Тек, молдокелер, канча катын алсаңар да алгыла, бирок үйбүлө балуулугун чочокко түшүрбөсөңөр экен. Ой өрүшүңөрдү бийикке сермеп, андай эле улут санын өстүрүүгө кам уруп жүрсөңөр, заң-закүнүңөрдү бекиткиле да, кош никеликтин шыпаасы менен жетим-жесирлердин тагдырын ойлонсоңор, мен да силерди кош колдор элем.
Олжобай Шакир
Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: