Menu

БУУнун баш катчысы күрт референдумуна каршы чыкты

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүү планына каршылыгын билдирди.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 25-сентябрга белгиленген бул референдум “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жок кылуу жана согушкерлерден бошотулган шаарларды кайра куруу аракетине шек келтирерин жекшемби күнү айтты.

“Баш катчы Ирактын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин сыйлайт жана Күрт аймактык өкмөтүнүн маселеси диалог жана конструктивдүү компромисс аркылуу чечилиши керек деп эсептейт”,-деп билдирди БУУнун басма сөз өкүлү Стефан Дуяррич.

Ирактын Күртстан автономдуу аймагынын депутаттары расмий Багдаддын каршылыгына карабай, көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүүнү чечишкен.

Күрт азчылыктары жашаган Түркия, Иран сыяктуу коңшу өлкөлөр да бул референдумга каршы чыгышкан. Батыш өлкөлөрү күрт референдуму чөлкөмдөгү чыңалууну күчөтөт деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: