Өлкөдөгү абал декабрга барып татаалдашат деп эскинин калдыктары сөз таратышып жатышат. Алардын прогнозу боюнча декабрда экономикабыз дагы жарга такалганы байкалып, саясатчылар бийликке каршы активдүу иштерди башташат экен. Кызыгы ошол айда КСДПнын лидери Атамбаев коомчулукка ачык аралашып, интервьюларды берери күтүлүүдө. Буктурмада бугуп жаткандар интервьюлар кезек-кезеги менен кеткенден кийин башын көтөрүшүп, кыймылга келишет дешүүдө. Бийлик бул маалыматтын үстүнөн азыр иштебесе кеч болчудай болуп тарат. Кечээ эле оргу-баргы сүйлөгөн Мискенбаев деген неме Атамбаевди сүттөн ак кылып сүрөттөп, кыргыздын Ататүркүнө теңеди. Бул маекти ал “Азырынча мени коомчулукка Мискенбаев аркылуу таза көрсөтөлү” деген ой менен шефтеринин буйругунан кийин берген болушу керек деген шек жаралууда. Саясатчылардын баары мурунку бийликтен жийиркенип бүткөн деп олтура берүү опурталдуу иш.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ