Өгөй атасы тарабынан жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча Токмок шаарында сотко чейинки процесстер жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө үйлөрдүн бириндеги ызы-чуу тууралуу билдирүү түшкөн. Ал жерге милиция кызматкерлери барган. Анда 15 жаштагы кыз энеси жана жеңеси менен уруша кеткен. Кызды өгөй атасы 2018-жылдын август айынан бери зордуктаган деп шектелген.
«Бирок 15 жаштагы кыз жана анын апасы, жеңеси зордуктоо фактысы боюнча милицияга кайрылуудан баш тартышкан. Анткени алар бул маселени үй-бүлөлүк көйгөйлөр дешкен. Буга карабастан, милиция кызматкерлери КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине фактыны катташкан. Жашы жете элек өспүрүм ата-энеси жана жеңеси менен кошо Токмок РИИБине чакырылган, тергөө амалдары бүткөндөн кийин кыз туугандары менен үйүнө кайтып келүүдөн баш тарткан. 15 жаштагы кыздын энеси менен өгөй атасы зордуктоо фактысын четке кагууда», – деп билдиришти милициядан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ