Menu

Сүйүн Өмүрзаков Баткендеги коомдук борборду ачуу аземине катышты

Бөлүшүү:

Республиканын аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана милиция менен элдин ортосундагы мамилени жакшыртуу максатында бүгүн 6-декабрь күнү Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жана таяныч пунктунун капиталдык ремонт өткөрүлүп, ачылуу аземи өттү.  Бул туурасында Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМнин биринчи орун басары, милициянын генералы-майору Омурзаков Сүйүн Абдылдаевич, Баткен ОИИБнин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Шакиров Мамадали Айтматович, Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков, Марказ айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Тургунов, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтуу жашоочулар катышышты.

Бул КААБды оңдоп түзөө иштерин “Эл аралык толеранттуулук үчүн” Коомдук фонду жана Saferworld (SW) уюму менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин “Наркотикалык заттардын эл аралык айлануусу менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү (INL)” боюнча бөлүмүнүн колдоосу астында “Кыргыз Республикасынын жамааттарында кызматташтыкты жана өнөктөштүктү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында колдоого алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: