Menu

Казакстан бийлиги теракт жөнүндө маалымат бергендерге акча төлөйт

Бөлүшүү:

Казакстан өкмөтү “терроризм актысына бөгөт коюуга жана алдын алууга жардам берген маалымат үчүн сый акы белгилөө жана чегерип берүү тартиби жөнүндө” токтомду кабыл алды. Документ 2017-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Казакстан бийлиги маалымат берүү менен теракттын алдын алдын алууга жардам берген адамдарга сый акы төлөп берүүнү шарттай турган документти карап жатышат. Сый акынын көлөмү – 750дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч деп белгиленүүдө (бир АЭК азыр 2121 теңгеге же 6,2 долларга барабар).

Токтомдо аныкталгандай, сый акы күнөөлүү адам кылмыш жоопкерчилигине тартылса же күч менен дарыланууга жаткырылса гана берилет.

Сый акы бир гана жолу ыйгарылат жана теракт боюнча маалымат берген кишинин банктык эсебине которулат.

Токтомдун долбоорун Улуттук коопсуздук комитети иштеп чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: