Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 2020-жылдын 11 айында 1097 бажылык укук бузуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын контрабанда менен күрөшүү боюнча бөлүнүштөрү тарабынан 2020-жылдын 11 айында бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 1097 укук бузуу фактылары аныкталган, алардын ичинен Бузуулардын бирдиктүү реестрине 865 факты, Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 232 факты катталган. Бул иштер боюнча аныкталган зыяндын жалпы суммасы 397,2 млн. сомду түзөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ