COVID-19 жуктургандар жок экенин билдирип келаткан Түркмөнстандагы Улуу Британиянын элчиси Хью Филпотт коронавирустан айыгышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 16-декабрда «Твиттердеги» баракчасына жазды.
Билдирүүсүндө ал өзүнүн түркмөн тилинде аткарган YouTube сервисиндеги ыры менен бөлүшкөн колдонуучуларга ыраазычылык билдирип, илдеттен айыгып калганын жазган. Кийинчерээк Филпотт мурдагы британ элчиси Робин Орд-Смиттин билдирүүсүнө «Мен Covid-19дан толук айыгышым керек», — деп жооп берген.
Түркмөнстан өз аймагында коронавируска чалдыккан бир да киши жок экенин билдирип келаткан дүйнөдөгү 15 өлкөнүн бири. Мындай мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Тынч океандагы дүйнөдөн обочо аралдарда жайгашкан.
Ошол эле маалда Түркмөнстандагы ооруканалар коронавирустун белгилери бар бейтаптарга толуп, абактарда, мектептерде илдетке кабылгандар көп болууда. Өлкө бийлиги жарандарды беткап тагынууга чакырып, муну «чаңдан» коргонуу үчүн көрүлүп жаткан чара деп айтып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ