Бүгүн, 19-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 232 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 67, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 59, Ош облусунан – 16, Талас облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 47, Жалал-Абад облусунан – 14, Баткен облусунан – 15, Нарын облусунан – 5 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 78 911 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 408 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 72 459га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 115, Ош шаарынан – 15, Чүй облусунан – 135, Ош облусунан – 27, Талас облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 42, Жалал-Абад облусунан – 34, Баткен облусунан – 21, Нарын облусунан – 8.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам: Бишкек шаарынан – 1, Ош облусунан – 2, Баткен облусунан – 1 бейтап каза болду. Бул оордуан көз жумгандардын жалпы аны 1328ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ