Чаткалда эки адам спирт ичимдиктеринен ууланып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар Чаткалдагы тургундарга шилтеме берүү менен билдирет.
Бул маалыматты айыл башчысы Айгыр-Жал Кайнар Рысбай уулу тастыктады. Анын айтымында, кырсыктын фактылары 25-декабрда катталган.
«Каза болгон эки тургун 44 жашта болчу. Ошол күнү алар чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен. Андан кийин 4-5 сааттын ичинде каза болушкан. Туугандары аларды спирт ичимдиктерине ууланган деп жатышат, бирок азырынча кандай спирт ичимдиктерин ичишкени белгисиз. Жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, милицияга кайрылышкан жок», – деди айыл башчы.
Ал кошумчалагандай, мындай кырдаал айыл тургундарын алкоголдук ичимдиктерди жок кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө түрттү. Буга байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылында 40 миң сомдук алкоголдук ичимдиктер жок кылынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ