2019-жылы Бишкек шаардык бийлиги узундугу тогуз чакырымды түзгөн велосипед жолдорун курмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда өткөн “тегерек столдо” шаардык мунуципалитеттин транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Жунусов билдирген.
Анын айтымында, бул иш аркылуу мэрия шаар тургундарынын жарымын велосипедге мингизгиси келет. Андан ары, 2020- жылы дагы тогуз чакырым веложолдорду куруу пландалган.
Андан сырткары, шаардын май куйуучу станцияларына начар сапаттагы күйүүчү майды сатууга тыюу салынууну да көздөп жатышат.
“Азыркы күндө эки компания гана “Евро-5” сапатындагы күйүүчү майларды сатат, башка станциялар болсо “Евро-3” сапатындагы майларды сатыкка коюшат. Май куйуучу станциялар жогорку сапаттагы майларды сата баштаганда, абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар оолуттуу түрдө кыскарат,”- дейт К.Жунусов
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ