Бүгүн, 11-январда КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Ташкентте Өзбекстандын Биринчи Президенти Ислам Каримовдун музейине зыярат кылды. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Анын алкагында кыргыз делегациясы Өзбекстан Республикасынын Биринчи Президентинын жубайы Татьяна Каримова менен жолугушту. Татьяна Каримова кыргызстандык меймандарды музейде ачылган Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Ислам Каримовдун 80 жылдыгына арналган көргөзмөлөр менен тааныштырды.
Ошондой эле министр Чынгыз Айдарбеков Ташкентте өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен көчөдө орнотулган Чынгыз Айтматовдун барельефине гүлдесте койду. Бул барельефдин ачылышы 2018-жылы 12-декабрда болуп өткөн.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ