17-майда УКМК Өздүк коопсуздук кызматы КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте УКМК ККК материалдары боюнча 50 миң сом пара алып жаткан учурунда УКМК кызматкери Н.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай кармалган адам текшерүүнү токтотуу үчүн 350 мин сом пара талап кылгандыгы аныкталды.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктун боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизинондук гауптвахтасына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ