Кыргызстандын Россиядагы элчилиги карды тазалап жатып, чатырдан кулап түшкөн кыргызстандыктын өлүмүнө байланыштуу окуяны көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.
Ошондой эле, каза болгон маркумдун өздүгү аныкталды. Ал Жалал-Абад облусунда туулган 31 жаштагы А.Б. аттуу жаран.
Элчилик окуяны ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу үчүн Хамовники районундагы тергөө бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу жөнөттү. Тергөөчү менен байланыш түзүлдү. Ошондой эле, алар эмгек инспекциясына эмгек мыйзамдарынын сакталышын текшерүү боюнча кайрылуу жолдошту. Мындан тышкары, элчилик маркумдун туугандары менен байланышып турат.
Эскерте кетсек, кечээ Москванын борборунда кыргызстандык жаран чатырды кардан тазалап жаткан жеринен кулап кеткен. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ