Menu

Москвада чатырды кардан тазалап жатканда кулап кетип, жеринен каза тапкан кыргызстандыктын өздүгү аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги карды тазалап жатып, чатырдан кулап түшкөн кыргызстандыктын өлүмүнө байланыштуу окуяны көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.

Ошондой эле, каза болгон маркумдун өздүгү аныкталды. Ал Жалал-Абад облусунда туулган 31 жаштагы А.Б. аттуу жаран.

Элчилик окуяны ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу үчүн Хамовники районундагы тергөө бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу жөнөттү. Тергөөчү менен байланыш түзүлдү. Ошондой эле, алар эмгек инспекциясына эмгек мыйзамдарынын сакталышын текшерүү боюнча кайрылуу жолдошту. Мындан тышкары, элчилик маркумдун туугандары менен байланышып турат.

Эскерте кетсек, кечээ Москванын борборунда кыргызстандык жаран чатырды кардан тазалап жаткан жеринен кулап кеткен. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: