ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери “Достук” өткөрмө пунктунда 2008-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Hyundai Grand Starex” маркасындагы автотранспорт каражатын мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын кузов номери менен автоунааны каттоо күбөлүгүндөгү номер дал келбей, кармалган автоунаанын документтери жасалма болгондугу аныкталган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ