Menu

Каракалпакстандык Ромео менен Жульетта бири-бирин бычак менен сайып, кыз каза болду

Бөлүшүү:

Каракалпакстандын Канлыкөл районунда 21 жаштагы кыз менен 24 жаштагы бала көрүстөндө бири-бирин бычак менен сайып, жыйынтыгында кыз каза болуп калган.

Өз булактардын маалыматына караганда, окуя быйыл 1-мартта болгон. Бирок ал тууралуу 25-мартта гана белгилүү болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаштар кыз-жигит болуп үч жыл сүйлөшүп жүрүшкөн. Бирок февралда кызды канлыкөлдүк башка бала ала качып кеткен.

«Кыз Нукуста окучу. Ал окууга кеттим деп мурдагы жигити менен качып кеткен. Алар райондук базардан эки чоң бычак сатып алып, айылдардын бириндеги көрүстөнгө барышкан. Анда экөө бири-бирине бычак сайып, бала бул тууралуу агасына телефон аркылуу кабар берген», — деди тургундардын бири.

Райондук ооруканадан кабарлашкандай, кыз жолдо каза болуп, бала жаракаттары менен реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Маалыматтарга караганда, бала өткөн жумада ооруканадан чыккандан кийин дароо камакка алынып, ага карата «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, бала өлтүрүү максатында кызды моюнга жана жүрөккө бир нече жолу сайып, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: