Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, Асхат Түлөбердиев “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы кызматынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин аталган муниципалдык ишкананын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген Марат Жороев баш калаанын башкы архитектору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев кол койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ