Өкмөттүн маалымат кызматы интернетте тарап кеткен Унгар-Тоо боюнча премьер-министр Сариевдин колу коюлган протоколду жасалма документ деп атап, аны Бекназаровдун жасалма документ™ таратып жаткан провокациясы деп жар салды. Бекназаров өкмөт мүчөлөрүн жыйнап алып жыйын өткөрүп, ал жыйынга өзүнүн эмес, Сариевдин колун коюп, Өкмөттүн мөөрү менен штампын баскан тура. Андан кийин Аксыга Сариевдин ордуна өзү барып, Кербен шаарынын жергиликтүү депутаттарын шашылыш чогултуп “Ушул протоколду колдоп койгула” деген тапшырма да берсе керек. Маалымат кызматы муну да кошуп коюшса жакшы болмок. Муну менен Өкмөттүн маалымат кызматы бийлик Сариевде эмей эле Бекназаровдо дегендей түр көрсөтүп жатышат го. Бирок, жергиликтүү кеңештин төрагасы ал протокол Өкмөттүн маалымат кызматы тараткандай жасалма эмес экенин, ал документ Өкмөт тараптан келгенин ырастап койду. Мурун бийлик баарын Бакиев жасап жатат деп айтчу эле, азыр Бакиев деген фамилия Бекназаровго алмашкандай.
Булак: “Жаңы ОРДО”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ