– Өзбекстандын Кыргызстанга кучак жайган саясатынын артында эмне бар? Алар жакшы мамилени чын ниетинен жасап жатабы?
– Бул кадам Өзбекстандын ички саясаты менен байланыштуу. Шавкат Мирзиёев толук кандуу президент ички жана тышкы каршылаштарын азайтып же тынчытып туруш керек. Анткени Өзбекстандын ичинде жана сыртында абдан таасирдүү күчтөр, кландар бар. Бизге көрүнбөгөнү менен тиреш абдан күчтүү жүрүп жатат. Чыныгы Өзбекстандын тышкы саясаты Мирзиёев чын эле бүт бийликти колуна мыкчыганда билинет. Азыр болсо эң маанилүү делген чек ара маселеси чечилбейт. Ошентсе да алардын азыркы кадамы да жакшы. Биз дагы ошого жараша жооп кылышыбыз керек.
Булак: Асман плюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ