Menu

Жолдошбек Бузурманкулов, милициянын полковниги, акын, журналист, котормочу: “Жаңы Конституцияны катасы менен кабыл алабызбы…”

Бөлүшүү:

 

Редакциябызга котормочу, журналист Жолдошбек Бузурманкулов телефон чалып, Конституцияны эмне үчүн орусча эмес кыргызча жазып алып анан расмий тилге которбойт деген нааразычылыгын билдирип, президент Атамбаев менен Текебаевди ынтымакка чакырып, тирешти токтотуш керек деген оюн айтты.

– Жолдошбек мырза, эмне үчүн бир тарап Конституцияны өзгөртүүгө кызыкдар болуп, экинчи тарап алмаштырбай сактап калуунун айласын издеп жатышат? Булардын түпкү максаты эмне?

– Туура айтасың. 2020-жылга чейин өзгөрүлбөсүн деп 2010-жылы Конституция кабыл алынып, дагы 10 жылга чейин алмашылбайт деген бөгөт коюлуп жатканда эч ким эч нерсе деген эмес. Бирок алты жылдан кийин өзгөртөбүз деп  жатышат. Макул, өзгөртөбүз деп чамынып жаткандардын аргументтери ынанымдуу  болсо, анда эмне үчүн Конституциянын өзгөрүшүнө  каршы болуп жаткан тарап буту күйгөн тооктой чуркап, жыйынтыгында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон адамдар Конституциянын алкагында кармашып, жыйынтыгында катын ушактын деңгээлине түшүп кетишти. Бирин-бири чукулап, ким эмнени уурдаган, эмнени сатып алган, кимден пара алгандарына  чейин айтышты. Чынында жогорку статустагы адамдардын мындай тиреши  элдин ынтымагына, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө шек келтирет.  Айтайын дегеним, каршылашкан тараптын жактоочуларынын ортосунда жик кетип, кырдаал кыйындайт.   Референдум дайындалып жаткандан кийин сабыр кылып турсак,  кайсыл Конституцияны тандаарыбызды эл өзү чечет го.

– Айтканыңызга ынанып, Референдумда кайсы Конституцияны колдоорун эл өзү чечет дейли. Сиздин баамыңызда жашап жаткан Конституция менен өзгөртүлүүгө багытталып жаткан Конституциянын кайсынысы элдин купулуна толот?

– Мен эки Конституцияны тең укмуш, суктанарлык деп айталбайм. Анткени, 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда да бир топ алешемдиктер бар. Текебаев 5 профессор менен жаздым десе да бир топ катачылыктарга жол берилген. Бирок азыркы сунушталып жаткан Конституция дагы жыргап кеткен жок. Алмашылып жаткан беренелери тууралуу айтпаганда дагы биринчи орус тилинде жазылып, анан кыргызчалангандыктанбы, эмнегедир кыргыздын мээсинен чыкпаганы ачык эле байкалып калыптыр. Ошондой эле стилистикалык каталары толтура. “Эркин Тоо” гезитине чыккан вариантын окусаң күлкүң келет. Менде жаңы Конституцияны каталары менен кабыл алабызбы деген маселе жаралып жатат.

– Конституция кыргызча жазылып, орусча которулбагандыктан да эки ача пикирлер жаралып жаткандай…

– Юристтер кыргызча мыйзам жаза албай орусчасын алып кыргызчалап, менталитетибизге ылайыкташат. Өзүбүздүн башкы мыйзамыбызды өзүбүз жаза албай бөлөк тилден которуп жаткан  мыйзам жазгычтарга да капа болуп отурам. Себеби, Жогорку Кеңеште сунушталып жаткан жаңы Конституциянын  орусча вариантын  талкуулап жатышканда демилгечилердин бири Канат Исаевге Каныбек Иманалиев “кыргызчасын мындай деп которупсуңар. Мен түшүнгөн жокмун. Өзүңүз түшүндүңүзбү?” десе, “жок” дейт. Орусчасын түшүнүшөт имиш да, кыргызчасын түшүнүшпөй которо алышпайт экен.  Көз карандысыз демократиялуу кыргыз мамлекетинин Конституциясына өзгөртүү орус тилинде кирип, ошону кыргызча которо алышпаганы уят эле иш.  Эмне үчүн кыргызча жазып алып, анан орусча которушпайт?

– Канат Исаевдин берилген суроолорго жөндөп жооп бере албаганынын өзү эле ал кимдир  бирөөнүн тапшырмасын аткарып жатканын айгинеледи. 1-класстын окуучусундай болуп эжелеп окубай ал сунуштан баш тартып койсо болбойт беле?

– “Кыргызстан” партиясы деле президенттин саясатына ыктаган партия. Ал тапшырманы аткарбайм десе, талапка жооп бере албаган дезертир болуп калмак. Ошентпейин деп Конституциянын беренелерин анча  билбесе да демилгечи болду. Берилген суроолорго жөндөп жооп бере албай “эки” алган окуучунун образын жаратты. Жогорку билимдүү болгону менен  Конституция орусча даярдалып, кыргызча которулганы үчүн түшүнбөстүктөргө кабылды.

– Неге  президент мөөнөтү бүтүп калганда Конституцияны алмаштырууга бел байлады?

– Көптөр президенттин бул аракетинен шек санап түрдүү ушактарды чыгарганга үлгүрүштү. Бирок президент экинчи ирет президенттикке ат салышпасын, ошондой эле спикер же өкмөт башчы да болбосун ачык айтып, кетеринде болсо да кыргыз бийлигин түз жолго салып кетүүгө аракет кылып жатканын айтты. Бирок анын каршылаштары “Жогорку Кеңештин укуктарын азайтып, президент менен өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын жогорулатып жатат. Өзү спикер же премьер-министр болгону жатат”  деп шектенип президентти жүрөк ооруга  чейин жеткиришти. Кыргыздар эки президентти кууп чыгып, бирин жүрөк оорулуу кылып өлтүрүп алсак, эмне абийир табабыз.  Тирешкенден көрө акылга келишип, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн элдешишсе жакшы болот эле. Бирок арабызда булардын элдешишин эмес, мындан да катуу тирешишин каалаган адамдар көп. Айтайын дегеним, кычытып тирешти тымызын курчутуп, булар эртең эле элдешип алат деп интервью бергенге да үлгүрүштү. Ушул абалдан пайдаланып, саясаттан жыдыгандар баш көтөрүп,  президент менен Текебаевди ынтымакка чакыргандын ордуна кайраштырып жатышат. Ал турсун президенттин ооруп жатканына карабай түрдүү кептерди да чыгарышты.  Кыргыздар ооруп жаткан адамды табалабасына, душманынын да акыбалын сураган сапатына карабай  Аркадий Дубнов деген орус ушак чыгарып берди. Жыйынтыгында ооруп жаткан кишинин да жанын коюшкан жок. Ким эмне десе дагы Алмаз Шаршенович эл атасы. Ошон үчүн баарыбыз эл атасынын ден соолугун Алладан сурап, мойнуна тагылган озуйпаларын аткарып, эл алдында жүзү жарык болсо экен деп анын ооруганынан саясат издебешибиз керек. Анткени, сыркоолоп жаткан адамга жакшылык каалабаган адам адам эмес. Мен сыркоолоп жаткан адамды табалаганды карышкырдын канчыгына теңейм. Себеби, мергенчинин огу дөөт карышкырга тийип, ок тийген капталын тиштеп кулап баратканына карабай карышкырдын канчыгы талайт. Биз карышкырдан өйдө болуп, адам болушубуз керек.

– Анткениңиз менен канчалык тирешип жатканына карабай Текебаев биринчилерден болуп Алмазбек Шаршеновичке ден соолук каалады го…

– Ооба, Текебаевдин бул сапатын мен да бааладым. Ал кыргыз элиндеги улуу сапаттарды эске алып,  “кандай талашсак да, кандай мамилебиз болсо да мен Алмаз Шаршеновичтин айыгып келишине тилектешмин. Аман-эсен сакайып келсе мамлекеттеги ишти өзүбүз чечип алабыз” деди. Андай сөздү айтканга башкалардын духу жеткен жок.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: