Кара-Кулжа районунда Россияда каза болгон тургунун жерге берүүгө катышкан 60 адам үй карантинине алынды. Сөөктү алып келген эки кишинин биринин коронавируска тапшырган анализи шектүү чыкканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын маалыматына караганда, сөөк Россиядан 18-май күнү келип, 19-майда жерге берилген.
«Бүгүн анализдер күтүлүп жатат. Азырынча «дарт чыкты» деп айтуу эрте. Жерге берилген адам жүрөк оорудан каза болгон. Коштоп келгендер кайсы жерлерде болгону иликтенип жатат», – деди Аширбаев.
Милиция тажияга көзөмөл жакшы болбой калганын моюнга алды. Буга чейин тажияларга көп адамдын катышуусуна тыюу салынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ