Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров парламенттин кечэки отурумунда футболка кийип келгендиги үчүн жыйындар залынан чыгарылган билим берүү министрлигинин кызматкеринен кечирим сурады. Төраганын орун басарынын видеокайрылуусун параменттин басма сөз кызматы таратты.
Мирлан Бакировдун айтымында, ал вице-спикер катары депутат Алмазбек Токторовдун аткаминердин кийинген кийимине карата айткан сынына көңүл бурган.
«Парламенттин отурумуна чакырылгандар эрежелерди жана этиканы сакташы керек. Анын куулуп чыккандыгы тууралуу маалымат туура эмес. Анын ысымы чакырылгандардын тизмесинде жок экендигин көргөндөн кийин, жыйындар залынан чыгуусун сурандым. Ал чыкты. Андан сырткары, дпутаттар анын берген жоопторуна канааттанган эмес»,- деп түшүндүргөн Мирлан Бакиров.
Социалдык тармактардагы анын улууларга болгон орой мамилесинине карата айтылган сындарга жооп берип жатып, төраганын орун басары мамлекеттик кызматта жаш-курак рангдары жок экендигин айтты.
«Бирок мен эгерде ага, анын үй-бүлөсүнө, коомчулукка катуу тийсем, кечирим сурайм», – деген Мирлан Бакиров.
Эске салсак, кечээ депутаттар Билим берүү министрлигине караштуу баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин каржы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйынга кийинип келген кийимине нааразы болушкан. Депутат Алмазбек Токторовго аткаминердин свитери футболкадай көрүнгөн.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ