Menu

АКШ чалгыны: Жакында Кытай эң алдыңкы заманбап курал-жарактарга ээ болот

Бөлүшүү:

Кытайдын куралдуу күчтөрү жакынкы убактарда эң заманбап курал-жарактарга ээ болот. Бул тууралуу АКШнын аскер чалгыны тарабынан шейшембиде жарыяланган атайын баяндамада жазылган.

Анда Пекин тышкы күчтөр Тайванды колдоп чыгышы мүмкүн деп чочулап, заманбап системаларды иштеп чыга баштаганы белгиленген. Маалыматка караганда, 2018-жылы Кытайдын коргонууга жумшаган чыгымдары 200 миллиард доллардан ашкан. Учурда АКШнын коргонуу бюджети 700 миллиард долларды түзөт. Бирок бул сумманын басымдуу бөлүгү илимий изилдөөлөр жана жаңы системаларды иштеп чыгууга багытталат. Пекин болсо изилдөөлөр үчүн каражатты үнөмдөп, чет өлкөлүк технологияларды көчүрүп алууга басым жасайт.

Баяндамада жазылгандай, учурда Кытай учактардан, ошондой эле суу үстүндө жана алдында жүрчү кемелерден учурула турган жана миң чакырым алыстыкка жете турган канаттуу ракеталарга ээ.

Америкалык эксперттер Тайванды күч менен Кытайга бириктирүү аракети болбойт деп эсептешүүдө. Алардын айтымдарында, Кытай жаңжалдан качууга аракет кылат, бирок армиянын күчтөнүшү кытай армиясына ишеним бериши мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: