Эми Жалал-Абад шаарында туризмди өнүктүрүүнүн практикалык реалдуу кадамдары башталат. Шаар мэри Мураталы Тагаев “Туризмди өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө” буйрукка кол койду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, буйрук аркылуу концепцияны иштеп чыгуу боюнча курамы 15 кишиден турган жумушчу топ түзүлдү. Аны шаардын биринчи вице-мэри жетектеп, ар кайсы тармактарда иштеген жетекчилер жана адистер мүчө болуп киришти. Жумушчу топко концепцияны иштеп чыгуу процессинде менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканалардан маалыматтарды токтоосуз алуу жана ишке тартуу укугу берилди.
Биринчи кезекте жумушчу топтун мүчөлөрү шаарда туризм тармагын өнүктүрүү жана шаар казынасына көп пайда табуу боюнча өздөрүнүн алгачкы сунуштарын беришти. Эми шаардын өзгөчөлүктөрүн жана экономикалык өнүгүү перспективасын эске алуу менен узак мөөнөттүү өнүгүү концепцияны иштеп чыгуу зарылдыгы турат. Бул шаар тарыхындагы ушул тармакты өнүктүрүү багытындагы биринчи ушундай документ болмокчу.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө термалдык-дарылык минерал суулары менен атагы чыккан “Жалал-Абад” санаторийи жайгашкан. Шаардан чыгуучу №27 минералдык суулары өлкө аймагына кеңири белгилүү жана чет өлкөлөргө экспорттолот. Ошондой эле өлкөнүн түштүк аймагында туризм тармагын өнүктүрүүчү туристтик логистика борборун түзүүгө ылайыктуу аймак эсептелет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ