Депутат Жанар Акаев аялын сабап, жубайы милиция чакырып, арыз жазды. Бул тууралу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынан тастыкташты.
Алардын айтымында, кечээ, 8-январда саат 13:30 чамасында Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсүндөгү батирлердин биринде үй-бүлөлүк зомбулук болуп жаткандыгы тууралу билдирүү түшкөн.
Ал дарекке жетип барган милиционерлерге Жанар Акаевдин аялы К.Ж. аны күйөөсү уруп-сабаганына арызданып, арыз жазып кайрылган. Тагыраагы желкесине чаап, буттарына тепкен, тырмактарын сындырып, кан кеткен.
Бул кылмыш фактысы Бишкектин Ленин райондук милициясында “Үй бүлөлүк зомбулук” беренеси боюнча каттоого алынган. Азыр сотко чейинки иликтөө башталды.
Социалдык тармактарда К.Ж. депутаттын экинчи, жашыруун аялы болушу мүмкүн экендиги айтылууда.
Эсиңиздерге сала кетсек, “Азаттык” радиосунун мурунку журналисти Жанар Акаев Жогорку Кеңешке 2015-жылы КСДПын тизмеси боюнча депутаттыкка шайланган. Ал эми 2020-жылы “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн ордун жаштарга өткөрүп берем деп, Жанар Акаевди партиянын лидерлигине көрсөткөн. Парламенттик шайлоодо партиялык тизменин N1-сабында турган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ