Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагындагы №2395 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Өкүл добуш берүү өлкө башчысынын жана мамлекеттик башкаруу багытын тандоодогу маанилүү окуя экенин айтып, жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Аны менен бирге айрым шайлоо тилкелеринде орун алып жаткан техникалык мүчүлүштүктөрдү тийиштүү адистер жеринде барып жөнгө салып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 449 шайлоо тилкеси бар. Шайлоочулардын жалпы саны 666 миң 556. Саат 14:00гө 122 миң 436 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы көрсөткүчтүн 18,4 пайызын түздү. Шайлоонун жүрүшүнө 11 эл аралык байкоочу көз салууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ