Аркандалган жеринен бошонуп, Бишкектин борбордун көчөлөрүнө чыгып кеткен буканын ээси милицияда сурак берүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, бодо мал шаардын борборуна кандайча келип калганы азырынча белгисиз:
– Кожоюну бошонуп кеткен буканы кармайын деп жете албай калган экен. Ал шаардын көчөлөрүнө чыгып кеткен. Акыры кармап, азыр мал ээси милицияда сурак берүүдө.
Борбордук көчөлөрдөн чуркап бараткан, патрулдук милициянын кызматкерлери кубалап жетпей жүргөн буканын видеосун интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары таратышты.
Оморовдун айтымында, бир милиционер жабыркаганы тууралуу маалымат түштү.
“Тез жардам” кызматынын маалыматына караганда, бир аял ооруканага жаткырылды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ