Казакстандын КВН оюнчулары III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары убагында болгон жагдайды тамашага салышты. Эске салсак, анда Көк бөрү боюнча жарым финалдык беттеште Казакстан күтүлбөгөн жерден Өзбекстанга утулуп калган.
Шайырлар жана тапкычтар Казакстандын Улуттук оюндар федерациясынын президенти Бекболат Тлеухандын “Жаксы интрига болды!” деген сөзүн эске салышты. Ал бул сөздү күйөрмандар күткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда болбой калган беттешке карата айткан.
Анда кээ бир колдонуучулар казак тарап өзбек оюнчуларына атайылап утулуп бергендигин айтып чыгышкан.
Бекболат Тлеухандын “жаксы интрига болды!” деген сөзүн айткан аудио жазууну Айгүл Орынбаева өзүнүн Фейсбук баракчасына жүктөгөн, андан соң аталган сөздөр хайпка айланган.
https://www.facebook.com/100007981087790/videos/vb.100007981087790/2201549673454381/?type=2&video_source=user_video_tab
Тамашанын өзүндө болсо шайырлар Бекболат Тлеуханов менен КВН оюнчуларынын ортосунда болуп жаткан сүйлөшүүнү ойношкон. Анда Тлеуханов “финалга чыкпагыла, ал жерде кыргыздар бар, силерди жеңип коюшат”- деп айтат. Андан соң алар бул КВН экенин, жана оюн өлкө ичинде өтүп жатканын эстешет. Аягында болсо сахнага бир кыз чыгып, Гүлзат Мамытбекти туурайт
https://www.youtube.com/watch?v=_K5QDIHnF8I
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ