Бир учурда Таласка губернатор болгон бирөө Бишкекке олтуруп алып телефон менен гана Таласта иш алып барганы азил аралаш айтылып жүрөт. Азыркы биздин жетекчилер да мына ушул азилден алыс кете албай турушат. Дегеним, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шаар четиндеги конушка барып элдин көйгөйү менен таанышты. Эң кызыгы Тазабек мырза барган кезде ал конуш бир жумадан бери электр жарыгысыз жашап жатышкан. Депутат мырза бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлүн элдин алдына чакырган. Ал жетекчи сөрөй жарык жок экенин азыр билип атам деп оозду ачырды. Биздин жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү качан эл көйгөйүн өз убагында чечет? Деги ошол өздөрү жетектеп аткан аймактын абалы менен таанышып турушабы? Же мына ушул конуштун жетекчисиндей болуп, качан маселе чыңалып, жарылганда эле пайда болуп, тутугуп туруп беришеби? Же буларга мыйзам жүзүндө шалаакылык боюнча маселе көтөрүүгө болбойбу? Алар жарык жана жылуу орунда жата беришсе элдин азаптуу күндө олтурган абалын кантип түшүнүшөт? Же ошол жерде жашагандардын арасында аймакты башкара турган бирөө жок дегилери келишеби? Аймактын абалы менен таанышпаган жетекчи сөрөй кантип ал жактын маселесин чечет? Бул аңырайган эле абсурд эмеспи?..
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ