Menu

БШК референдумду өткөрүүгө 285 млн. сомго урна сатып алат

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциялык референдумду өткөрүү үчүн электрондук эсептөөчү урналарды сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяланган маалыматка караганда урналарды сатып алуу үчүн 284 миллион 248 миң 100 сом жумшалганы жатат.

БШКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай алынуучу урналар бир гана референдумга багытталган эмес.

“Урналар бир гана Конституциялык референдум үчүн эмес. Былтыр парламенттик шайлоо өтүп жаткан маалда ар бир шайлоо участогуна бирден гана урна коюлган. Негизи экиден коюлушу керек болчу. Бирөөсү капысынан иштебей калса, экинчиси запаста турушу шарт. Референдум болуп калса урналар керек болот”, — деп БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Тендер 11-августта жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-августунда аяктайт.

Булак: sputnik.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: