Menu

ЖАМК: системадагы коронавируска шектелген 4 адам оорунун абалы көрүнбөгөн абалда болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оперативдүү штабынын 08.04.20-жылдагы “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө” буйругунун негизинде, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык кызматы кызматкерлерди жалпы тестирлөө иш-чараларын улантууда.
Тестирлөөнүн жыйынтыгында вируска шектелген адамдардан кайрадан ПЦР анализдери алынып, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Бишкек шаардык санэпидемстанциясындагы вирусалогиялык лабороторияга жөнөтүлүп жатат. Эгерде, вирус такталып же шектүү болгон учурда аталган кызмат Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологдору менен бирдиктүү иш-чаралар жүргүзүп, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча оорулуу үй шартында карантинге алынат же дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.
ЖАМКнын медициналык кызматы тарабынан буга чейин COVID-19  илдетин эрте аныктоо максатында ыкчам текшерүү иши №1 СИЗОдо жана №47, №2, №3, №1, №27 жана №31 мекемелеринде жүргүзүлүп, кызматкерлери текшерилди.
Натыйжада, №1 СИЗОдон 1 кызматкер пневмания оорусу менен Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, бир кызматкер COVID-19  илдетинин белгилери менен ЖАМКнын госпиталында дарыланууда. Андан тышкары, №27 мекемесинин эки кызматкери илдетке шектүү экендиги аныкталды. Андыктан, бул кызматкерлер менен байланышкан адамдар жана бардык кызматкерлер, ошондой эле кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү менен тиешелүү чаралар көрүлдү. Алар менен контакт болгон дагы 2 кызматкердин ПЦР анализи оң чыкты. Учурда аталган 4 кызматкерлерде оорунун белгилери көрүнбөгөн абал болгондуктан, дарыгерлердин көзөмөлүндө, ден-соолугунан даттануу жок.
Эске сала кетсек, биринчи катталган 1-СИЗОдогу кызматкер Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы дарыгерлердин көзөмөлүнөн үй шартына чыгарылган. Учурда ден-соолугу канааттандырарлык.
Бүгүнкү күнү ЖАМК медициналык кызматы тарабынан кононавирус боюнча алдын алып аныктоого тестирлөө улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: