Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов жумгалдыктарга бир жакшылык кылып койсо болмок. Аталган аймактан чыккан тыңчыкма жигиттердин бири. Сүйлөсө тили буудай куурат. Жок дегенде Чаекке хоккейчилерге муз аянтчасын куруп берип койсо деле ашыкча болмок эмес. Кыргызстан боюнча биринчи хоккейди жумгалдыктар ойноп чыгышкан. Ошондой эле Жумгалдын трассалары да жарактан чыгып калган. Ал эми майда көчөлөрүн айтпай эле коёлу.
Жок дегенде ошол маселени Жогорку Кеңештин улуу трибунасынан көтөрүп чыгып, бюджетке киргизип берсе деле сооп иш жасамак. Оштук депутаттарча жокпу эмне?
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ