Иш-чарага Садыр Жапаров келип, кыргыз элине ыраазычылык билдирет деп пландаштырылууда.
Борбордук аянтта мазыкалык жабдуулар алынып келинип, сахнаны орнотуп жатышат.
Белгилей кетсек, кечээ, 10-январда президенттик шайлоо жана референдум өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, шайлоочулардын 79,2%ы же миллиондон ашык кыргызстандыктар Садыр Жапаровго добуш беришкен.
Садыр Жапаровдун шайлоодо жеңишке жетишкенине байланыштуу концерт кечээ кечинде пландалган, бирок ал болбой калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ