Абдил Сегизбаевге каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирет.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Кылмыш ишин аскер прокуратурасы тергейт.
Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев 2016-жылдан 2018-жылга чейин УКМКны жетектеген. 2021-жылы ал президенттик шайлоого катышып, 1,46% добушка ээ болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ