Menu

Нооманжан Аркабаев, подполковник: “Атамбаевдин таанышы болсо эле татыктуулардын жолун тосо береби? Мал доктур болсо да бир жөн…”

Бөлүшүү:

Акыркы жылдарда чыр-чатак менен коррупциянын уюгуна айланган саламаттыкты сактоо министрлигиндеги мыйзамсыздыктар менен теңирден тескери шумдуктар массалык маалымат каражаттарынын негизги темасына айлангандыгын кимдер гана билбейт? Соңку мезгилдеги аталган тармактагы “дүңк” эткен чатактын бири – министрликтин статс-секретары Жазгүл Ильичевна Кийизбаеванын кантип кызматка дайындалышынан улам келип чыгып отурат.

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңешинин кадр саясаты боюнча жумушчу комиссиясынын мүчөлөрүнүн чыгарган жыйынтыгы боюнча Жазгүл сулуу статс-катчылыкка мыйзамды та­кай тебелеп-тепсеп, коомдук пикирге түкүрүп келген саясий сасыткылардын колдоосу менен отургузулган. Бул 37 жаштагы юрист айым КМУнун юрфагын аяктагандан кийин 17 жерде, башкача айтканда, жыл сайын кызмат которуп, “катыра” иштеп келгендигин да айтпай коюуга болбостур.

“Медицинадан түшүнүгү жок Кийизбаева элдин саламаттыгын сактоону кантип уюштурмак эле, – дешет министрликтин айрым кызматкерлери өз нааразылыктарын жашыра албай. – Адистиги ылайык келбегенден ки­йин тармактын проблемаларын кайдан түшүнмөк эле. Мал доктур болсо да бир жөн…”

“Атамбаевдин таанышы болсо эле татыктуулардын жолун тосо береби?! Министрликтин өзүндө тармактын проблемаларын мыкты түшүнгөн ондогон тажрыйбалуу адистер турса, кайдагы бир немени апкелишип…” де­шет аталган тармактын айрым өкүлдөрү.

Сураштыра келсек Жазгүл Ильи­чевна 2011-жылы Алмаз мырзанын БШКдагы өкүлү болуп, президенттик шайлоодо 2 ай ага кызмат өтөгөн экен. Албетте, коммерциялык катмардагы юристтин кызматынан түз эле көз көрүнөө мыйзамды тепсөө менен сала­маттыкты сактоо министринин орун басарлыгына отургузуп коюу, биздин оюбузча, баш бакандын же ЖК раисинин деле колунан келе бербестир. Ал­бетте, сулуу айымдын шоопур менен кароолдон интеллекти кыйла жогору экендиги талашсыз. Байкаган кишиге бул жерде кимдир бирөөгө статс-катчынын бир кездеги 2 айлык жакшылыгы унутулбагандай.

Жогоруда аталган жумушчу комис­сиясынын мүчөлөрүнүн айтымында Кийизбаеванын статс-катчылыкка отуруп калышында көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилген. Мисалы, статс-катчынын ордун ээлөө боюнча конкурска 9 киши ат салышкан. Алардын экөөсү: К.Мамбетов менен К.Маматова тестирлөөдө Ильич аксакалдын кызынан жогору балл алышкан. Анын үстүнө алардын Жазгүл сулуудан принципалдуу артыкчылыгы – бул эки талапкер тең министрликтеги жетекчи кызматтарда иштеп келген тажрыйба­луу адистерден болушкан. “Мал доктур болсо да бир жөн” деген сөз бекеринен чыкпагандай.

Мамлекеттик кадр кызматы тестирлөөнү уюштуруп гана тим болгону кызык. Аталган кызматтын өкүлдөрүнүн, жумшартып айтканда – тишсиздиги – коомчулукта нараазылыктын пайда болушуна алып келген. Таңкаларлык жери – Мамлекеттик кадр кызматы бул жерде мыйзамдын, өз Жобосунун тебеленип жаткандыгын айтуудан корккон эмеспи деген суроо туулбай койбойт. Мындай маскарачылыкка жол койгондон көрө – конкурстун уюштуруучулары Ош базардан 2 хакерди кармап келип, конкурсту өткөрө салса болбойт беле, Мамлекеттик кадр кызматынын кадыр-баркын коррупционерлерге тебелетпей…

Жумушчу комиссиясынын маалыматы боюнча “Мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндөгү жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-ст. 17- б. жана Кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы” жөнүндөгү жобонун 8-п. талаптарына ылайык Кийизбаеванын тийиштүү стажы жетишсиздик кылган.

Анын үстүнө Ж.Кийизбаева статс- катчынын милдетин аткарып жатып, ДачаСУдагы кыргыз төбөлдөрүнүн 100 млн. долларлык контрабандалык жүгү менен кыйраган жүк ташуучу учактын астында калып өлгөн, жарадар болгон шордуулардын акыбалы тууралуу массалык маалымат каражаттарына кабар бербөө боюнча атайын чыгарган жана коомчулукка жарыя кылынган көрсөтмөсү (№ 29, 17.01.2017.) КР Конституциянын бас­ма сөз эркиндиги жөнүндөгү (31-ст. 2-п.) нормаларына карама каршы кел­гендигин да айтпай коюуга болбойт. Албетте, Жазгүл айымдын Конституцияны көзгө илбеген чаласабаттыгы коомчулукта нараазылыктын чоң толкунун пайда кылып, көп өтпөй Сала­маттыкты сактоо министринин ата­йын буйругу менен жокко чыгарылды (№ 60,25.01.2017.).

Кийизбаеванын кыска убакыттын ичинде өз чаласабаттыгынан кетирген катачылыктары муну менен гана чектелип калбайт. Мисалы, ал тарабынан даярдалган “…кезектеги аттестацияны өткөрүү жөнүндөгү” № 303-буйрук (11.04.2017.) Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик экотехинспекция тарабынан КР Эмгек кодексине жана “…аттестациалоо жөнүндө” Жобонун талаптарына карама-каршы келээри баса белгиленген.

Ошондой эле жумушчу комиссиясы тарабынан Ж.Кийизбаева өз милдеттеринин чегинен аша чаап кеткен учурлары белгиленген. Мисалы, ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында Молдавияда өткөрүлгөн дары каражаттары жана дары саясаты боюнча эл аралык конференцияга барып кел­ген. Врач болсо да бир жөн: “бирдемкени түшүнөт, иш сапарга кеткен ондогон миң сом чыгымдардын акыбети кайтат” – деп үмүттөнүүгө болоор эле. Же, чындап эле жок дегенде мал док­тур болсо кана, атаганат…

Жазгүл Кийизбаевага статс-катчы катары саламаттыкты сактоо министрлигинде коррупцияга каршы иш-чараларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу милдети жүктөлгөн. Бул багыттагы жагдай теңирден тескери ылдамдыкта “гүлдөп” жаткандыгы келесоого да түшүнүктүү.

Статс-катчы айым өз милдетин аткарууда көп катачылыктарды кетирип, өзүм билемдикке жол коюп келаткандыгы да көпчүлүккө белгилүү. Миса­лы, үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Жамила сулуу деген неме 9 миллион сомду чайнабай жутуп ийгендиги ашкереленип, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатса, аны калкалап, “өз каалоосу менен” кызматтан бошоткон. Бул жерде Жазгүл айымдын анча-мынча тажрыйбасы же бекемирээк духу болсо, Жамила деген аялдан чыккан жегич неменин ажыдаарлыгы жалпы министрлик боюнча кеңири талкууга алынып, мындан ары жегичтикке жол койбоо же азайтуу боюнча иш-чаралар иштелип чыгууга тийиш эле. Мына сага, коррупцияга каршы күрөшүү жана бул багыттагы профилактика!

Кызматкерлердин деңгээлин жогорулатууну камсыз кылуу милдети да Кийизбаевага жүктөлгөн. Өз деңгээли мындай болсо, врачтарды кудай сактасын. Демек, оорулууларды кудай сактасын!

Жазгүл айымды кошкон “салымы” менен саламаттыкты сактоо тармагында жогоруда келтирилген корруп­циянын болуп көрбөгөндөй жагдайынан улам, жумушчу комиссия жагдайды талдоого алып, төмөнкүдөй сунушка токтолду:

  • Кийизбаеваны мыйзам бузуу ме­нен кызматка дайындоонун мыйзамсыздыгы;
  • Ээлеген кызматы боюнча сабатынын жетишсиздиги;
  • Статс-катчынын милдетине кирбеген маселелер боюнча тармактык маселелерди чечүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча атайын текшерүү жүргүзүп, тийиштүү чечимдерди кабыл алуу керек.

Албетте, бул сунуш Саламаттыкты сактоо министрлигине эмес, Кыргыз өкмөтүнө даректелгендиги түшүнүктүү. Жээнбековдун тийиштүү чара көрүүгө духу жетээр бекен? Көрө жатаарбыз…

Нооманжан Аркабаев

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: