Интернет тармактарына Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаевдин аалымы Чубак Жалиловдун дасторкон үстүндө чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланды. Аны Сулайманов баракчасына жүктөп, «Чубак ажы жана Жанар иним үчөөбүз бүгүн чогуу ооз ачтык. Кыргыздын эки мыкты уулунун бири-бирине болгон урмат-сыйы өтө бийик деңгээлде экен» деп жазган. Интернет колдонуучулардын көбү Чубак Жалилов менен Жанар Акаевдин мындан үч жыл мурун орозо айында чырдашканын эстешип, «эми элдешкени жакшы көрүнүш болуптур» деген пикирлерин жазышкан.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ