Бүгүн, 21-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 155 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 42, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 63, Ош облусунан – 12, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 11, Ысык-Көл облусунан – 11, Баткен облусунан – 3 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 83 585 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 136 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 79 509га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 56, Чүй облусунан – 37, Ош облусунан – 9, Талас облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 13, Жалал-Абад облусунан – 7, Нарын облусунан – 7, Баткен облусунан – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан -1, Чүй облусунан – 1 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 13924кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ