Menu

Азамат Байматов, “Кайрымдуу бол” кайрымдуулук фондунун төрагасы: “Жеңил жашоону көздөгөн эркек жарып деле кетпейт”

Бөлүшүү:

Намыска бек кыргыз жигиттеринин айрымдары азыркы жашоонун шарына туруштук бере албай аялдардын артынан жан бакканга өтүп жатышы көйгөй эмей эмне. Өзгөчө башка өлкөгө иш издеп кеткен киши болуп үй-бүлөсүн оңой эле таштап, ал жактан чала тааныш бирөөнү алып же үстүнө кирип алуу,  кыргыз мырзаларына таандык көрүнүш болбошу керек го. Бирок тилекке каршы бул болуп жаткан көрүнүш. Мунун кесепети көп кайгылуу окуяларга алып келип жатат. Кыргыз жигиттеринин майдаланып аял мүнөз болуп, жалкоолукка алдырып баратышы бул – олуттуу көйгөй.

Аялдын этегин кармап күн көргөн эркек,  эркекпи?

  • Мен бул маселени өтө чоң көйгөй деп ойлойм,  эмнеге дегенде биз бүгүнкү күндө жоопкерчиликти жоготуп жатабыз. Эркектер аялын эмес, бала-чакасын таштап кетип жаткандыгы жүрөк оорутат. Намысыбыз жоголуп баратат,  биз намыстуу улуу кыргыздын урпагы экенибизди унутпасак. Биздин кайрымдуулук иштерибиздин  80 пайызы ушул көйгөйгө кабылгандар болуп саналат.  Себеби   баласы майып төрөлүп, анан аялы экөөнү таштап басып кеткендер же жубайы ооруга чалдыгып майып болуп калса таштап кеткендер.  Адам тагдырын Аллах жазат, аял менен эркектин баш кошуусу да  Аллахтын буйругу менен. Өз никесине кыянат кылып, өзүн ойлоп жеңил жашоону көздөгөн эркек жарып деле кетпейт.  Анткени өмүрлүк жубайын,  бала-чакасын,  ата-энесин нааразы кылган эркек эч качан жыргабайт.
  • Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: